Бишкекте мектеп китепканаларынын заманбап үлгүсү талкууланат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп китепканачыларынын республикалык илимий-практикалык конференциясы бүгүн борбор калаада өтөт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте "Мектеп китепканаларынын заманбап үлгүсү" аттуу конференциянын алкагында мектеп китепканаларынын келечеги талкууланат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Конференция бүгүн, 3-июнь күнү Бишкектин борбордук китепканасында өтөт.

"Иш-чаранын катышуучулары мектеп китепканаларынын учурдагы абалы жана аларды өнүктүрүү маселелери талкууланат. Муну менен бирге аталган жайлардын кадыр-баркын көтөрүү жолдору ортого салынмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Конференцияны Борборлоштурулган китепкана системасы китепканачылардын бирикмеси менен бирге уюштуруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0