Башкыртстан Кыргызстанга жылкынын жаңы породасын чыгарууну сунуштады

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПородалык жылкы. Архив
Породалык жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкыртстан Кыргызстанга бир катар долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө даяр.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов Кыргызстанга жылкылардын жаңы башкыр-кыргыз породасын чыгарууну сунуштады.

Башкыртстандын борбору Уфа шаарында орус-кыргыз аймактар аралык бешинчи конференциясы өтүп жатат. Бул иш-чарага вице-премьер Олег Панкратов катышууда.

Хамитовдун айтымында, Башкыртстан гидроэлектростанцияларга коюлчу жабдыктарды жеткирүүгө даяр. Ошондой эле асыл тукум малды өстүрүү жаатында сервистик борбор ачуу келечектүү иш деп эсептейт.

"Биз бул жаатта тажрыйбабыз, билимибиз деп бөлүшүүгө даярбыз. Анын үстүнө жылкы өстүрүү боюнча Башкыртстан менен Кыргызстанды бириктирип турган көп нерсе бар. Башкыр-кыргыз жылкысыз өстүрүп чыгабыз. Эс нерседен коркпой, натыйжалуу иштерге умтулабыз", — деди Хамитов.

Ал кызматташуу үчүн Башкыртстанга Кыргызстандын адистерин чакырып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0