Жетимдерди комузга жетелегиси келген Азамат уста өнөктөш издеп жүрөт

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКесиби үн режиссеру, бирок жыгач усталыкты, анын ичинен кылдуу музыкалык аспаптарды жасоону аркалаган Азамат Беделбаев. Архив
Кесиби үн режиссеру, бирок жыгач усталыкты, анын ичинен кылдуу музыкалык аспаптарды жасоону аркалаган Азамат Беделбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат ата-энеси жок балдарга көмөк көрсөтүп, аларга жок дегенде руханий жактан колдоого даяр болуп, бул оюн ишке ашыруу үчүн өнөктөш, көмөктөштөрдү издеп жатат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кесиби үн режиссеру, бирок жыгач усталыкты, анын ичинен кылдуу музыкалык аспаптарды жасоону аркалаган Азамат Беделбаев учурда демилге көтөрүп, балдар үйлөрүндөгү өспүрүмдөрдү комуз менен бекер камсыздоо максатын коюп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жакшы саамалыктын демилгечисине жолугуп, кепке тартты. 

Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет. Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет.
Азамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Азамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет.
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт.
Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт.
1/2
Азамат Беделбаев кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен он жылдан бери алектенет.
2/2
Учурда ата-энеси жок балдардын көкүрөк көрөңгөсүн ойготуп, жан дүйнөсүнө музыка үрөнүн себүүгө себеп болгон – комуз менен бекер камсыздоо идеясын ишке ашырсам деп чуркап жүрөт.

Азамат балдарга жардам берүү боюнча бул оюн бир нече жылдан бери көкүрөгүнө багып жүрүп, эми сыртка чыгарып жатыптыр. 

"Окуумду бүткөндөн кийин "Кыргызтелефильм" киностудиясында иштеп жүргөн учурда балдар жана алардын чыгармачылыгы тууралуу берүүлөрдү тартчубуз. Анан балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын музыкалык инструменттерде ойноорун, ага кызыгаарын иликтей баштадым. Жардам берип, музыкалык жабдууларды жасап берсем деген ой келди", — деп Беделбаев айтып берди.

Манас эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутиядагы кыргыз мигранттарынын балдары "Манас таануу" сабагын окушат
Ал өзүнүн пикирлеш досу Адилет Искаков менен ата-энеси жок балдарга көмөк көрсөтүп, жок дегенде руханий жактан колдоого даяр болуп, бул оюн ишке ашыруу үчүн өнөктөш, көмөктөштөрдү издеп жүргөндүгүн айтты.

"Мындай ишке киришүү үчүн, тагыраагы чеберкана ачууга болжол менен 10 миң доллар тегерегинде каражат кетет экен. Буга чейин долбоор жазып, катышайын десем, менин туура эмес келген жерим – жеке тарап болгондугум экен. Көп жерден колдошпой, баш тартышты. Эми деле аракетимди токтотпой, издештирип жатам", — деди ал.

Баам салсак… балдар үйүндөгү балдардын көкүрөгүндө эмне бар? 

Беделбаев мээримден сыртта калган жетим балдар коом аларга жылуу мамиле жасаганын көрсө, жок дегенде жаман жолго азыраак түшөт эле деген ишеним менен бул иштин артынан жүгүрүп жүргөнүн айтты.

"Баам сала келгенде, алар кандай жашап, эмне кылып жатат, жан дүйнөсү, ички дүйнөсүнүн байлыгы кандай абалда, кызыккан, маани берген адам аз. Колдоо кылып, аларды ойлоп, кам көргөн коом бар экендигин билдирсек, балдар жаман жолго аз түшөт эле деп ойлойм. Алар окуусун аяктагандан кийин музыкант болом десе, башка жогорку окуу жайларга тапшырганга сүрмөлөп, кеп-кеңеш айтып, жардам кылат элек", — дейт биздин маектеш.

Беделбаев Бишкектин айланасындагы мектеп-интернат менен балдар үйлөрүнө баш багып, музыка сабагы кандай окутулуп жаткандыгына кызыгып көрүптүр. Өзүнүн демилгесин сунуштап, бир катар билим жайларынын жетекчилери менен бул маселени талкуулагандыгын айтты.

Сокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти. - Sputnik Кыргызстан
10 жылдык. Кулкунга куюулуп кетчү тамактын ордуна бөбөктөргө тартууланган тайлар
"Балдар үйлөрүндө музыка предмети бар болгону менен комуз үйрөтүлбөйт экен. Директорлору менен сүйлөшүп, комуз жасап берсек, окутасыздарбы деп сурасак, окутууга даяр экендиктерин айтышты. Буюрса, чеберкана ачканга аракет кылып жатабыз. Балдар үйүнөн комузга кызыккан жок дегенде кантип бир бала чыкпасын. Бери дегенде эле кийин кайра эле мугалим болуп иштейт эле да", — деди Беделбаев.

Азамат эгерде тилеги ишке ашып калса, республика аймагы боюнча жылына 30 комузду балдар үйү менен интернаттарга таратып, көзөмөлдөп, сынган, бузулган жерлерин оңдоп берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, Беделбаев пландаган комуз жасаган цехин ачса, негизинен ишке майып адамдарды алууга ниеттенип жатат.

"Бир буту жок кошуна баланы жакшы тааныйм. Ушундай майып дагы бир байке бар. Цех ачылып калса, ошолорду ишке алат элем. Бири музыкалык аспаптарга абдан кызыкса, экинчиси тери менен жакшы иштей алат. Себеби алар да алты саны адамдардай эле оокат кылып, каражат таап, толук кандуу өмүр сүргөнгө акылуу", — дейт Азамат. 

Беделбаев эгерде бул демилгеге кайдыгер карабаган замандаштар болсо, иштешкенге даяр экендигин айтат. Каражат маселеси чечилсе, бул ишти эртерээк баштоо ниети азыр Азаматта күч экендигин байкадык. 

Жаңылыктар түрмөгү
0