Селден алты жашар баланы сактагандарды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү сунушталды

© Улан МаккамбаевСелевой поток в Кадамджайском районе села Жийделик. Архивное фото
Селевой поток в Кадамджайском районе села Жийделик. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өз өмүрүн тобокелге салып, селден улам сайга кулап кеткен унаага кыпчылып калган баланы сактаган жергиликтүү тургундардын кадамын жогору баалады.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Кадамжайдагы селден алты жашар баланы сактап калган тургундар — Эркинбек Ташбаев менен Руслан Айтиевди сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Эл өкүлү куткаруучулардын эрдигин баалоо керектигин айтты.

"Эркинбек Ташбаев менен Руслан Айтиев өз өмүрүн тобоколге салып, наристени сактап калышты. Эрдиги жана тайманбастыгы үчүн аларды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү керек", — деди Өмүркулов.

Ал ошондой эле өкмөт жана президент тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0