Бишкекте "Made in Kyrgyzstan" деп аталган эки күндүк эл аралык көргөзмө өтөт

© Sputnik / Исмаил МамытовАк-калпак. Архив
Ак-калпак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар көргөзмөнүн өзгөчөлүгү ага катышкан жергиликтүү ишкалар эл аралык, сырткы рынокко багыт алгандар экендигин айтышты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Эртеңден тарта борбор калаада EXPO "Made in Kyrgyzstan" деп аталган эл аралык көргөзмө башталып, ага жергиликтүү 55 компания катышат. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"3-4-июнда өтө турган эл аралык көргөзмөнүн максаты— жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аларды эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Мындан сырткары, өнөктөштөрдү таап жана жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө инвестиция тартуу",— деп билдиришти маалымат кызматынан.

Уюштуруучулар көргөзмөнүн өзгөчөлүгү ага катышкан жергиликтүү ишканалар эл аралык рынокко багыт алгандар экендигин айтышты. 

Бул көргөзмөнүн алкагында 3-июнда аутизм менен ооруган балдарды колдоого арналган концерт уюштурулат.

Иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0