Айдоочу айып короодогу унаасына өрт койду

© flickr.com / Jeff TurnerШиреңке. Архив
Ширеңке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу унаасын мас абалында айдаганы үчүн кармалган. Айып короонун кароолчусу өз унаасына өрт койгон жаранды көрүп калган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын айып короосунда Daewoo Matiz унаасы өрттөнгөндүгү жөнүндө ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат өрт кызматкерлерине түнкү саат үчтө түшүп, ал 4:16 мүнөт өткөндө өчүрүлгөн. 

ӨКМдин алдын ала билдирүүсүнө караганда унаага анын ээси өрт койгон. Ал эми Бишкектин Кайгуул милициясы Daewoo унаасын мас абалда айдаган айдоочу түн ичинде "Ак-Бата" жаңы конушунда кармалганын кабарлаган. 

"Мыйзам чегинде кагаздарды толтуруп, унааны айып короого токтотконбуз. Айдоочу бир нече убактан кийин кароолчуга келип, жата турган жери жок экенин айткандыктан аны өзүнүн чакан бөлмөсүнө жаткырып койгон. Бир маалда кароолчу мас жаран унаасынын салонунда отурганын көрөт. Ал өрт чыгарып туруп качып кеткен", — деп Кайгуул милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалайбек Бугубаев билдирди. 

Качып кеткен айдоочу азырынча кармала элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0