Тагылган айыпты "Бишкек парк" четке какса, Финпол тергөө иши башталганын ырастады

© Sputnik / Табылды КадырбековИри соода борборлорунун бири "Бишкек парк". Архив
Ири соода борборлорунун бири Бишкек парк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек парктын" пиар адиси соода борбордун негиздөөчүсүнө "айып тагылды" делген маалымат ушак экенин билдирди.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Бишкек парктын" негиздөөчүсү тууралуу тараган маалыматтар буйуртма берилип жазылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине борбордун маркетинг жана пиар боюнча департаментинин директору Кундуз Мусина билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Борбор калаадагы ири соода борборлорунун бири "Бишкек парктын" негиздөөчүсү Айдын Мыстачоглуна "алдамчылык" фактысы боюнча айып тагылгандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Аны жалпыга маалымдоо каражаттары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына шилтеме берүү менен жарыялашкан.

"Жарыяланган материалдарда эч кандай далилдер менен документтер келтирилген эмес. Ал атайын буйуртма берилип жазылган ушактын деңгээлиндеги маалымат. Бул ишти биз жөн калтырбай сотко кайрылабыз", — деп билдирди Мусина.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенген кожом сен болсоң… атка минерлер пара менен кармалганда
Тараган маалыматты "Бишкек парк" өкүлдөрү "жалган" деп четке какканы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы Азамат Шейшеев факты боюнча иш козголгондугун ырастады.

"Тергөөчүлөр факты боюнча иш козголгондугун билдиришти. Бирок иш жаңыдан тергөөгө алынып баштагандыктан толук маалымат азырынча бере албайбыз", — деп билдирди Шейшеев.

Анын айтымында окуянын чоо жайы 2-3 күндүн ичинде маалымдалып калышы ыктымал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0