Ростов-на-Дону шаарында авиакырсыктан каза болгон кыргыз кызы Нарында жерге берилди

Жазылуу
19-мартта Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россиянын Ростов-на-Дону шаарында авиакырсыктан каза болгон кыргызстандык Жылдыз Насирдинова 30-майда Нарында жерге берилди. Бул тууралуу "Кыргызстан — үй " Ростов шаардык кыргыз улуттук маданий автономиясынын президенти Курманбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда жол кырсыгынан каза болгон КР жаранынын сөөгү мекенине бүгүн жөнөтүлөт
Белгилей кетсек, 2016-жылы 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон. Анын арасында 1988-жылы туулган Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинова да болгон

Абдылдаевдин айтымында, сөөктөрдү таануу боюнча белгиленген ДНК анализдеринин жыйынтыгы 18-майдан тарта берилип баштаган.

"Fly Dubai компаниясынын өкүлдөрү Жылдыз Насирдинованын сөөгүн Нарынга чейин жеткирип барышты", — деди ал.

Эске салсак, авиакырсыктан каза болгон Жылдыз Насирдинованын сөөгүн таануу үчүн Ростов-на-Дону шаарына байкеси менен атасынын иниси барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0