Елена Шевченко: күбөлөр кол салгандардын бирин Федотовдун өлтүрбөгөнүн айтышууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовКРдин Тай бокс федерациясынын жетекчиси Елена Шевченко. Архив
КРдин Тай бокс федерациясынын жетекчиси Елена Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов Перудагы ресторанга кол салгандарга каршылык көрсөтүп, жарадар болгону айтылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Окуяга күбө болгондордун айтуусу боюнча кылмышкерлердин бирин Федотов эмес, полиция кызматкерлери өлтүргөн. Бул тууралуу КРдин Тай бокс федерациясынын жетекчиси Елена Шевченко билдирди. 

Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов Перудагы ресторанга кол салгандарга каршылык көрсөтүп, жарадар болгону айтылган.

Тайбоксчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Антонина Шевченко тай боксу боюнча төртүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды
Окуянын жүрүшүндө уурулар ресторанга кирип, тоноого аракет кылганда атышуу болуп, Федотов жаракат алган. Валентина Шевченко менен машыктыруучусу ресторандардын биринде тамактанып отурганда белгисиз беткапчан үч адам кирип, кассадан акча талап кылган. Ал жердеги акчаны алган соң, кылмышкерлер эс алып отургандардын акчасын, уюлдук телефондорун алып кетмей болушкан.

Федотовдун жанында мыйзамдуу алып жүргөн ок атуучу куралы болгон. Машыктыруучу ошол куралды колдонгону айтылат.

Атышуунун натыйжасында бир кылмышкер каза болуп, экөө из жашырууга үлгүргөн. Ал эми Федотов ичине ок жеген. Мындан сырткары, ресторандагы эс алып отурган эки адам жарадар болгон.

Елена Шевченконун айтымында, Федотовдун ден-соолугу жакшы. 

"Павелдин ичине тийген ок болгону терисин кана жабыркаткан. Кылмышкердин бирин Федотов эмес, полиция кызматкерлери өлтүргөн. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү айтышты", — деди Шевченко. 

Павел Федотов Антонина менен Валентинанын машыктыруучусу болот. Ал эми Елена — кыздардын апасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0