Кадамжайдын сел жүргөн аймактарында санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРСел болгон аймактагы ӨКМ кызматкерлери. Архив
Сел болгон аймактагы ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-май күнү Жийделик участкасында сел жүргөн. Мындан улам жолдо келе жаткан унаа сайга кулап, төрт чоң киши жана эки жашар бала каза болгон.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунун сел жүргөн аймактарында санитардык тазалоо иштери аткарылууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кадамжайдагы сел алып кеткен унаалар - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайдагы селдин чыгымдары эсептелди
Эскерте кетсек, 27-май күнү Жийделик участкасында сел жүргөн. Мындан улам жолдо келе жаткан унаа сайга кулап, төрт чоң киши жана эки жашар бала  каза болгон. Куткаруучулар андан тышкары алты жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга жетишкен. Дагы бир үч жашар наристе изделип жатат.

Жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматы боюнча 238 турак үй иликтенип, анын ичинен 84 турак үйдүн ичине суу кирген. Төрт турак жай авариялык абалда болуп, үч үй капиталдык ремонтко муктаж экени аныкталды.

"Райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 7 топ түзүлүп 3 даана техника менен селден жабыркаган 240 турак үйдү кыдырып чыгышты. Ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында хлор акиташы менен дезинфекция иштерин жүргүзүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сел бузган имараттарды жана курулуштарды калыбына келтирүү аракеттери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0