Нарындыктар бир гана малды эмес, балык багууну да колго алышууда

© Sputnik / Расул УсеналиевЖалил Исаев көлмөгө багып жаткан балыктар
Жалил Исаев көлмөгө багып жаткан балыктар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Козу-улактын этинен башка эми Ак-Талаанын эли балыктын да этин жейт.

НАРЫН, 30-май — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагынын тургуну Жалил Исаев айылдыктарды күздөн баштап балык менен камсыз кылам деп турган учуру. Себеби ал төрт ай мурун атайын көлмөгө бага баштаган тоо форелдери күзүндө бир килограммга чейин чоңойот.

© Sputnik / Расул УсеналиевНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагынын тургуну Жалил Исаев айылдыктарды күздөн баштап балык менен камсыз кылам деп турган учуру
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагынын тургуну Жалил Исаев айылдыктарды күздөн баштап балык менен камсыз кылам деп турган учуру - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагынын тургуну Жалил Исаев айылдыктарды күздөн баштап балык менен камсыз кылам деп турган учуру
© Sputnik / Расул УсеналиевЖасалма көлмөгө башында 5-6 сантиметрлик тоо форелинен сегиз миңдей чабагы салынган, учурда анын жети миңдейи 15 сантиметрдей болуп чоңоюп калды.
Жасалма көлмөгө башында 5-6 сантиметрлик тоо форелинен сегиз миңдей чабагы салынган, учурда анын жети миңдейи 15 сантиметрдей болуп чоңоюп калды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жасалма көлмөгө башында 5-6 сантиметрлик тоо форелинен сегиз миңдей чабагы салынган, учурда анын жети миңдейи 15 сантиметрдей болуп чоңоюп калды.
1/2
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагынын тургуну Жалил Исаев айылдыктарды күздөн баштап балык менен камсыз кылам деп турган учуру
2/2
Жасалма көлмөгө башында 5-6 сантиметрлик тоо форелинен сегиз миңдей чабагы салынган, учурда анын жети миңдейи 15 сантиметрдей болуп чоңоюп калды.

Исаев буга чейин айыл шартында бир гана мал багуу ыңгайлуу деп келген. Бирок бир жыл мурун мындай ою орунсуз экенине көзү жетип, жалаң гана малдын этин жеп келген айылдыктар эми жаңы нерселерди, жаңы даамды татып көрүүгө кызыгып жатканын байкаган.

"Ак-Талаанын шартында бир гана мал багылып келген да. Эл деле андан башка жандыкты багып көрүүгө көп кызыккан эмес. Бирок заман өнүккөн сайын элдин табити, жашоо турмушу да өзгөрөт экен. Азыр той-топурда балыктын этин коюп, кудаларын, досторун кыскача айтканда конокторун таң калдыргандар көбөйдү", — дейт ал.

Сарайдагы уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда малды каттоо башталды
Жасалма көлмөгө башында 5-6 сантиметрлик тоо форелинен сегиз миңдей чабагы салынган, учурда анын жети миңдейи 15 сантиметрдей болуп чоңоюп калды. Жергиликтүү тургун форелдин чабактарын райондогу эле инкубациялык борбордон алган. Себеби жергиликтүү климатта өрдөгөн балыктардын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Учурда Исаев балыктарга күнүнө эки маал тамак берет. Тоютту ал Бишкектен ташып келет. Анткени форелдерге берилчү тоют чет мамлекеттен алып келинет.

"Күнүнө 3 килограммга чейин жем берем. Аларды Бишкектеги Балык чарба ассоциациясынан сатып алам. Бул жемдин курамында форелдерге керектүү бардык минералдар бар экен. Балык чарбасы да аны чет жактан алып келет. Азыр бир килограмм жемди 170 сомдон алам", — дейт ал.

Күн ысыгандыктан Исаев жемдин көлөмүн азайтууну көздөп жатат. Себеби ысыктын күнү көлмөнүн үстүндө чымын-чиркей көп болуп, балыктар аларды да жейт.

Булактын суусундагы көлмө

Бул көлмөнүн өзгөчөлүгү суукка карабастан тоңбойт. Анткени булактын суусуна салынган көлмө кышында жылуу болуп, балырлабайт. Исаев эми форелден башка сазан жана карп балыктарын өстүрүүнү пландап жатат. Себеби аларга кетчү чыгымдар азыраак болот.

Тор жана балыктар. Рейд учурунда беш чакырымга жакын балык торлору өрттөлдү
"Балык өстүрүүнү өркүндөтүү боюнча 70 сотых жер алгам. Эми бул жерге жаңы көлмө куруп, сазан жана карп балыктарын багууну көздөп жатам. Алар чөп жейт экен. Форелдей болуп атайын жем сатып келүүнүн кажети жок болот, чыгымы аз. Буюрса эми аны да колго алабыз", — дейт келечекте бул жерди балык фермасына айланткысы келген Исаев.

Балык өстүрүүнү жолго коюу иштери Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) негизинде ишке ашкан. БУУӨПтүн "Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында Ак-Чий айыл аймагындагы муниципалдык балык чарбасын өнүктүрүү үчүн жалпысынан 458 миң сом жумшалган. Анын ичинен айыл өкмөтү 138 миң сомун өзү чыгарган.

БУУӨПтун бул программасы Нарын облусунда туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө шарттарды түзүү аркылуу жакырчылыкты кыскартууну көздөйт. Программа Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунун 30 айылында ишке ашырылууда. Анын жалпы бюджети 3,5 миллион АКШ долларын түзөт. Аны аткаруу мөөнөтү 2014-2016-жылдарды камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0