ИИМ: Ивановкадагы чыр басылды, абал туруктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция дежурный бөлүмү. Архив
Милиция дежурный бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү эртең менен кыргыздар менен дунгандардын ортосунда кайым айтышуу болуп, эки тарап айыл борборуна чогулган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ишембидеги чырдан кийин Чүй облусунун Ивановка айылында кыргыздар менен дунгандардын ортосунда чатак катталган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМ билдирди.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жана тажик окуучулар чек арадан бири-бирин ташка алышты
Маалыматка ылайык, учупда аталган аймакта кырдаал тынч.

Эскерте кетсек, ишемби күнү эки элдин ортосунда кайым айтышуу болуп кеткен.

Май айында бир кыз милицияга кайрылып, аны дунган улутундагы бала ур-токмокко алганын айткан. Кылмыш иши козголуп, шектүү жаран соттун чечими менен камакка алынган. 

Кечке маал баланын атасы элге чыгып кечирим сурагандан кийин чогулгандар тарап кеткен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0