Баткен районунда заманбап эки мечит ишке кирди

© Фото / пресс-служба казыята мусульман Баткенской областиБаткен районунун Чоң-Талаа жана Карабак айылдарында заманбап курулган эки мечиттин бири
Баткен районунун Чоң-Талаа жана Карабак айылдарында заманбап курулган эки мечиттин бири - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечиттин курулушуна чет өлкөдөн келген демөөрчүлөрдөн сырткары жергиликтүү тургундар дагы өз салымдарын кошушкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен районунун Чоң-Талаа жана Карабак айылдарында заманбап курулган эки мечиттин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Мечиттеги мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда 300 орундуу мечит колдонууга берилди
Ага ылайык, ачылыш аземине Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, кеӊештин мүчөсү Чубак ажы Жалилов баштаган аалымдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Абдишүкүр ажы Нарматов мечиттер адамдын адеп-ахлагын, кулк мүнөзүн оңдоочу, тарбия алуучу жай экенин баса белгиледи.

Заманбап мечиттин курулушуна чет өлкөдөн келген демөөрчүлөрдөн сырткары жергиликтүү тургундар дагы өз салымдарын кошушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0