Ошто сел жүрүп, автоунаа жолдорун тосуп калды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСелден ала алуу. Архив
Селден ала алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кадамжайдагы сел беш адамдын өмүрүн алган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Катуу жааган жаандан улам Ош облусунун айрым райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-майда катуу жааган жаандан улам Кара-Кулжа дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Өзгөн районунун суу чарба башкармалыгындагы каналдын 100 метр аралыгын жана төмөн жагындагы 150 метр аймагын алып кеткен.

Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жери - Sputnik Кыргызстан
Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жеринен таанышты
Алай районунун Будалык айылында жааган жаандын кесепетинен, Гүлчө-Будалык унаажолунун 12-14-чакырымдарындагы көпүрөнү сел суулары бузуп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Мындан сырткары, Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ноокат-Папан унаажолунун 33-34-чакырымына сел калдыктары түшүп, жол убактылуу жабылып калган.

Учурда жолду тазалоо иштери улантылууда. Турак жайларга эч кандай коркунуч жаралган эмес.

Эскерте кетсек, Кадамжайдагы сел беш адамдын өмүрүн алган. Дагы үч жашар бала изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0