Кыргызстандын сулуусу-2015: футбол ойночумун, Ош базарынан деле кийим сатып алам!

© Sputnik / Табылды КадырбековМисс Кыргызстан — 2015 Таттыбүбү Самидин кызы. Архив
Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбүбү Самидин кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таттыбүбү Самидин кызы эмне үчүн кыздар көрө албас болушарын жана өзүнүн сол көзү оң көзүнөн кантип сулуу болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаевага айтып берди.

Чынын айтсам, сулуулук таймаштарын мен түшүнбөйм. Мүмкүн, ичим күйөттүр. Жанагы "мисс" аты бар кыздарды да жаман көрөм, кыязы, ошол эле себептен болсо керек. Бирок Таттыбүбү өзүнүн жөнөкөйлүгү жана татынакай жүзү менен адамды өзүнө тартып тургансыйт. Биздин сүрөтчү болсо такыр эле андан эсин жоготкондой. 

— Мектепте окуп жүргөндө эле класстын эң сулуусу болсоңуз керек?

Испаниялык Мирейя Лалагуна Дүйнө сулуусу конкурсун уткандан кийин. Санья (Кытай) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан чүрөгүнөн дүйнө сулуусуна чейин. Кымча бел кыздар
— Жок, мен футбол ойночумун. Ал тургай, мектептин курама командасына да кирер элем. Андан сырткары волейбол, дзюдо, айкидо менен алектенчүмүн. Ал үчүн апамдан да тил угуп, ал "эмне деген кыз болуп өсүп жатасың" деп калар эле.

Баса, мен толук болчумун, дайыма кеда кийип, чачымды байлап жүрчүмүн. Тегерегимдеги кыздардын баары сулуу, мен болсо өзүмдү карамак түгүл, крем да колдончу эмесмин! Анан эле бир күнү өзүмө келгенсип, "мен деле сулуу боло алам!" дедим. 

Баары ошондон башталган. Өзүмдү подиумга чыгам деп элестетчү эмесмин. Мен мектепти Екатеринбургда окугам да, ошол жакта бир таанышым кыргызстандык кыздар үчүн "Мисс Ала-Тоо Периси" конкурсу жөнүндө айтып калды. Сынак Россиянын бардык шаарларында өтүп жаткан экен. 

— Опоңой эле жеңип алсаңыз керек?

— Ал кезде бийик така менен да баса алчу эмесмин. Кыргызчаны да өтө начар билчүмүн, ошондуктан өз сөзүмдү жаттап алууга туура келген. Сынакка чыгыш үчүн мектепти бүтүргөндөгү көйнөгүмө узун жабуу кошуп тигип, ошол Екатеринбургдан улуттук костюм таап, бардык туугандарымды чогулттум. Екатеринбургда оңой эле жеңип, Бишкекке финалга келдим. Бул жерден биринчиликти алдырып, бирок биринчи вице-мисс болдум. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТаттыбүбү Самидин кызы: мен толук болчумун, дайыма кеда кийип, чачымды байлап жүрчүмүн. Тегерегимдеги кыздардын баары сулуу, мен болсо өзүмдү карамак түгүл, крем да колдончу эмесмин!
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Самидин кызы: мен толук болчумун, дайыма кеда кийип, чачымды байлап жүрчүмүн. Тегерегимдеги кыздардын баары сулуу, мен болсо өзүмдү карамак түгүл, крем да колдончу эмесмин!

Анан билесизби, дал ошондо мен биринчи болгум келди! Атаандашымдын таажысын карап туруп сөзсүз Кыргызстандын эң сулуусу наамын алам деп өзүмө сөз бергем. Эгер ошондо жеңилип калбаганымда, азыр сизге маек куруп отурбасам керек эле.

— Тилекке каршы, азыркы сулуулар сырткы келбетине кам көрүүдө аябай аракеттененишет. Мынча текши боёнгонду кантип үйрөндүңүз?

— Алгач сулуулук боюнча блогерлердин кеңештери менен өзүмдү караганга үйрөндүм, анан колледждин акысыз бөлүмүнө стилист-визажисттикке өттүм. Ал жакта төрт жыл окугам. 

— Башка кесиптерди карабасаңыз да керек… 
— Алгач апам сыяктуу эле ашпозчу болгум келген. Бирок андай иште семирип кетесиң деп бир классташым коркутуп койду. 

— Түшүнүктүү. Эми сулуулар таймашынын көмүскө жактарын сурап тажатам. Өз ара жек көрүшүү кастинг учурунда эле көрүнсө керек?

— Ал жакта оңой эмес. Жүздөн ашык атаандашың турса, алардын ичинен сен эң башкысын издейсиң. Адатта кыздардын кимиси күчтүү экени репетиция учурунда эле байкалат. Баскан-турганынан, өзүн алып жүргөнүнөн эле билесиң. 

— "Баарыбыз укмуш ынтымактуубуз, эң күчтүүбүз жеңсин" деген кайда калат?

Кыргызстандын эң ажарлуу кызы тандалды
— Мунун баары финалга чейин. Биз кыздарбыз да, бул баарын айтып турат! Көралбастык жана башкалар болот да, бирок мен кылган эмесмин, мага кылышкан. Бир жолу Ысык-Көлдө конкурска катышып жатканда, кимдир бирөө менин бут кийимимди кумга көмүп салыптыр. 

Башка бир конкурста такыр эле телефонумду уурдап алышкан. Бирок азыр мен үчүн телефон жоготуу — кадимки эле көрүнүш. 

— Өнүккөн өлкөлөр үчүн мүнөздүү мисстерди көрсөңүз керек: кынапталып жасалган мурду, торсойтуп алган эриндери. Сиз чыныгы сулуулукту колдойсузбу? 

— Эрин, каш, көздөрүңдү боёк менен ачып көрсөтсөң болот. Мен көздүн сурмасын жасатып же эриндериме бир нерсе саюу жөнүндө эч качан ойлогон эмесмин. Меники баары өзүмдүкү! Айрым кыздар көкүрөгүң өзүңдүкүбү деп сурашкан. Көрсө, көбү мени силикон салдырып алган деп ойлошот экен. Бирок бул кудайдын бергени!

— Сиздикиндей наамды чоң-байлардын кыздары же, ошолордун эле ойноштору утуп алат деген сөздөргө кандай карайсыз?

— Сулуулар жөнүндө дайыма жек көрүндү, жаман сөздөрдү айтышат. Кыздардын ичи күйөт да. Андай сөздөрдү сени менен кошо репетицияга барып, сага күлүп сүйлөп жүргөндөр эле чыгарат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТаттыбүбү Самидин кызы: Айрым кыздар көкүрөгүң өзүңдүкүбү деп сурашкан. Көрсө, көбү мени силикон салдырып алган деп ойлошот экен. Бирок бул кудайдын бергени!
Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбубу Самидин кызы - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Самидин кызы: Айрым кыздар көкүрөгүң өзүңдүкүбү деп сурашкан. Көрсө, көбү мени силикон салдырып алган деп ойлошот экен. Бирок бул кудайдын бергени!

Бизде кайсы бир ийгиликке жеткендердин баарына ушундай мамиле кылышат. Адам өзүнүн акылы менен, жөн эле Ак үйдө иштей албайт, сөзсүз өз ордун сатып алган дешет!

— Эң сулуу кыргызстандык болуу кыйын бекен?

Мисс Кыргызстан — 2016 сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын сулуусу — 2016 менен алгачкы маек. Жеңиш, мырзалар жана "мээ" жөнүндө
— Баары тең оңой боло койгон жок. Дизайнер көйнөгүмдү так мен чыгар алдымда алып келем деп убада кылган. Убакыт өтүп жатат, андан дайын жок! Конкурстун кечки көйнөк менен чыга турган бөлүгүнө катышпай калгам. Көрсө, айрым дизайнерлерге алдын ала төлөбөш керек экен. Сыйлык тапшыруу аземине конкурстун эң алгачкы баскычындагы көйнөгүмдү кийип чыгууга туура келди. 

Ошондо чыкпай калганым көрө албастардын жеңишке татыктуу эмес болчу деген оюна май тамызды. Бирок мен "Ал тиги жактан бирөөлөр менен жатты бекен?" деген сыяктуу кептерге көнүп калгам. Көңүл бурбайм деле. 

— Сизде ийгиликтин сыры барбы?

— Чалындыңбы — жылмайганды унутпа! Бир жерден жаңылып-жаздыңбы — жылмай! Дайыма жылмайып жүр! Дегинкиси кийимиңе карашат. Көйнөк көп нерсени чечет. Ал баарынан мыкты болушу керек. Ошондой эле айта турган сөзүңдү даярдашың керек. 

— Баарынан мыкты деген көйнөк кандай?
— Кызылды кийгенди токтотуш керек! Аны баары кийишкен. Кыздарга көңүлүңөргө жараша көйнөк тиктиргиле деп кеңеш кылмакмын. Сары да, боз да көйнөкчөн баарынан сулуу боло аласың. 

— "Сулуунун баары — макоо" дегенге кандай карайсыз?
— Сулуу кызга бардык эле эркек туура келе бербейт. Андай деп айткандарга, кыязы, аялзатынын мамилеси жетпесе керек.

— Биздин эркектер деги кыз жандап, мамиле кылганды билишеби?
— Жок, билишпейт. Алар дайыма ордуна бир нерсе талап кылышат. Жигит менен кафеге барып койсоң болду, сен сөзсүз "кечени" улантууга макул болушуң керек. Алар үчүн бул турган иш! Эркек тамакка акча төлөдүбү — болду!

— Колуңуздагы шакекке караганда, сиз жалгыз эмессиз. 
— Ооба, жакында үйлөнөбүз!

— Эмне үчүн аны тандадыңыз?
— Ал жакшы адам. Бири-бирибизди сыйлайбыз. Ал тургай, "сиз" деп сүйлөшөбүз. Ал отузда, ата-энелерибиз бири-бирин тааныйт. Билсеңиз, мен тандаган адам мени коргой алса деп дайым тилечүмүн. Минтип спортсменди таап алдым!

— Эсиңиздеби, Мисс Кыргызстан-2014 Айкөл Аликжанова Дүйнө сулуусу сынагына катышыш үчүн президентке кайрылууга аргасыз болгон? Бул ушунча кымбатпы?
— 16 миң доллар. Мени бардык нерседе жигитим колдоп, каржы жагынан жакшы жардам берди, ошон үчүн Кытайга барыш үчүн акча издеген жокмун.

— Ал жакта кыздар бул жердегиден да тажаал болсо керек…

— Жок! Алар биздегилерге караганда жакшы мамиле кылышат экен. Баары жардам бергенге даяр. Мисс Россия София Никитчук экөөбүз бири-бирибизди аябай колдодук. Ал дүйнөнүн биринчи вице-мисси болду. София мага кийимимди кийгенге жардам бергени эсимде, мен да жардам кылгам. Баса, Дүйнө миссине мен чачымды өзүм жасап, өзүм боёнгом. 

© Фото / предоставлено Таттыбубу Самидин кызыТаттыбүбү Самидин кызы Хайнань аралындагы (Кытай) Санья шаарында өтүп жаткан "Miss World—2015" сулуулар конкурсунда
Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбубу Самидин кызы - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Самидин кызы Хайнань аралындагы (Кытай) Санья шаарында өтүп жаткан "Miss World—2015" сулуулар конкурсунда

— Андай конкурстарда түрдүү стилисттер толтура болсо керек дедим эле! 

— Ал жакта визажисттер бар болчу, бирок кытайлык чеберлер азиялыктарды туура эмес боёнтушат экен. Алар табигый сулуулугуңду ачып көрсөткөндү билишпейт. Мага жаккан жок, анан калса, өзүңдүн колуңдан келген соң, башкаларга ишенип кереги эмне?

— Атаандаштык артыкчылыгыңыз эмнеде эле? Дүйнөнүн эң сулуу кыздарын кантип жеңем деп пландагансыз?

Сулуулар сынагындагы айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын сулуусу" болуш канча турат?
— Менин жылмаюум сулуу! Бирок мен даярданганга жетишпей калдым. Уюштуруучулардын мен билбеген талаптары көп экен. Көп майда-чүйдөлөрүн мага эскертишкен эмес, эч ким, мурунку жылдардын катышуучулары Айкөл Аликжанова же Жибек Нукеева да мага жардам берген жок. 

Жок дегенде, бардык катышуучуларга Кыргызстандан белек ала барышым керек болчу. Мен анткен жокмун. Мага жаккан кыздарга эле белек берем деп ойлогом. Өз өлкөң жөнүндө тарыхый китеп, аукцион үчүн кандайдыр бир белек ала барыш керек экен. Муну мен билген эмесмин да! Жөн эле эки чемоданга кийим-кечемди салып алып жөнөп кеткем. 

— Конкурстардан кийин жашооңуз өзгөрдүбү?

— Жок. Досторум гана азайып калды. Кыздар көрө албас болот. Алар менин кандай кийингенимди, эмне жеп, эмне сүйлөрүмдү, кандай машина айдап жүргөнүмдү карап турушат. Ооба, бул менин жигитимдин белеги! Ата-энем андайды сатып беришмек эмес: "Кызым, жөн отур!" деп коюшмак.

— Журналисттер, жарнама берүүчүлөр сизди баса жыгылышкан жокпу?

— Журналисттер кызыгышкан. Бирок баары менен эле мен өзүмдү жакшы сезген жокмун. Мага журналист өзү жакпаса, мен кечирим сурап туруп кетем. Мисалы, Кытайда конкурста жүргөндө биздин журналисттер мени бассейндин жанында башка катышуучулар менен бирге сууга түшчү кийимчен сүрөткө тартууну сунуш кылышты. 

© предоставлено Таттыбубу Самидин кызыТаттыбүбү Самидин кызы: Болбогон нерсеге акча коротконду жаман көрөм. Кадимки кыздар колдонгонду эле колдоном. Кийимди Ош базарынан деле сатып кийип алам.
Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбубу Самидин кызы - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Самидин кызы: Болбогон нерсеге акча коротконду жаман көрөм. Кадимки кыздар колдонгонду эле колдоном. Кийимди Ош базарынан деле сатып кийип алам.

Мен дароо баш тарткан элем. Баарынан жакпаганы, мага миң жолу жалынып сурашты. Мен "жок" деген соң, болду да! Сүрөттөрдү, баса, баары бир соцтармактардан уурдап алышты. Ошол журналистти сотко берсем да болот!

— Азыр өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?

— Албетте! Мен өзүмдү жакшы карайм. Мени менен таанышып, сүрөткө түшкүлөрү келет. Ал тургай, мени менен МАИ кызматкерлери сүрөткө түшкөнгө үлгүрүштү! Машинасы менен кууп өтүп, мени менен селфи жасаган наадандар да бар!

— Азыр өзүңүздүн сулуулук конкурсуңуз менен алектенип жатыпсыз. Мунун сизге кереги эмне, ансыз деле андай сынактар толуп жатпайбы!

"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагындагы сүртүмдөр
— Мен Дүйнө сулуусу сынагына барып келгенден кийин өзүм да ошондойду уюштурсам деп чечтим. Менин конкурсумдун айырмасы, ал акысыз болот. Бардык эле кыздар катышуу үчүн гана беш миң доллар төлөй албайт деп ойлойм. Анан кыздарды конкурстун 15-20 билетин сатууга милдеттендирип коюшат. Бул жерде кыздын жеке кызыкчылыгы да бар дечи: ар бир сатылган билет — аны колдоочу топко кошумча да. Өткөн жылы мен алтымыштай билет саткам. 

Баштаган ишти дайым аягына чыгарыш керек. Азыр мындай иш-чараларды уюштуруучулардын баары, мен конкурсту кандай өткөрөрүмдү күтүп турушат. Албетте, алардын тажрыйбасы көп, менден да бир топ улуу. Алар менин колумдан келбейт деп ойлошот.

— Конкурсту жеңип алган кызды андан ары эмне күтөт?
— Анан ал дүйнөлүк сынакка катышат. Ал менчилеп, же Айкөл, Жибек сыяктуу акча издебейт. Акча төлөнгөн. 

— Ким төлөдү?
— Мен. Мен өз убагында акча издегениме аябай ыза болгом. 16 миң доллар! Кыз мынча акчаны таба албасачы?

— Өз акчаңыздан төлөдүңүзбү?!
— Жигитим, албетте, жардам берди. Жок, мага бул конкурстан эч нерсенин кереги жок. Мен муктаж эмесмин жана билеттерди сатып акча табуунун мага кажети жок. Мен өз досторумду, тааныш ырчыларды, актерлорду чакырам. 

— Өмүрүңүздүн баарын сулуулук индустриясына арнайсызбы?

— Азыр конкурсту уюштуруу менен алекмин. Бул алгачкы ишим. Андан ары эмне болорун көрөбүз. 

— Күнүңүз кандай өтөт?

— Эртең менен ондо ойгоном. Анан жардамчымды ойготом. Ал мага келгиче камынам. Башымды күндө жуубайм. Эки күндө бир эле жууйм, чачым жакшы! Калың жана тармал. Анан бет май сүйкөнүп, боёном. Бардыгы болуп 20 мүнөт кетет. 

Андан соң өз иштерибизди кылып кетебиз. Азыр сулуулук салондоруна беш сааттан коротпойм! Мурда ошентчүмүн: өзүңүз билесиз, маникюр-педикюрга эле бир жарым сааттан кетет. Анан боёнуп, чачыңды жасаганча эле… Азыр болсо баары тез-тез!

— Сиздики баары кымбат болсо керек. Кыргызстандын эң сулуусу көпчүлүктүкүндөй болбойт да. 

— Ой, жок! Болбогон нерсеге акча коротконду жаман көрөм. Кадимки кыздар колдонгонду эле колдоном. Кийимди Ош базарынан деле сатып кийип алам. Акчаны акыл менен коротуш керек, ал жакта деле дүкөндө сатылгандар эле, бирок арзан. Мен акчаны үнөмдөйм!

— Сиздин оюңузча, бишкекетик кыздарга эмне жетпейт?

— Өзүнө ишенүүчүлүк. Андан тышкары, кыздар өзүн карашпайт. Окууга же ишке баш-оту менен кирип кетишкен, кечинде бет май сүйкөнүп койгондон эринишет. Биз кызбыз да! Баарына жетишишибиз керек. Сырткы келбетибиз — бул биздин паспорт. 

— Жыйырма жылдын кийин кандай болосуз?

— Менин кызым же уулум болот, өзүмдү карайм. Күйөөмө көңүл бөлөм. Ар бир курактын өз жакшы жактары бар. Мынча жашымда эмне болом деп кайгырбайм. Ушундай эле өзүмдү карап, жакшынакай кийинип, сулуулук салондоруна барып турам. Үй-бүлөмө да, балдарыма да – баарына жетишсем дейм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0