Шаардык кызматтар арыктарды тазалоону улантып жатышат

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери шаардагы арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда
Тазалык ишканасынын кызматкерлери шаардагы арыктарды  тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазалоо иштери механикалык ыкма жана кол менен жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу "Зеленстрой" жана "Тазалык" ишканалары шаардагы арыктарды жана суу түтүктөрүн тазалоо иштерин улантып жатат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери механикалык ыкма жана кол менен да жүргүзүлүүдө. Мында кол менен Щербаков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Эркиндик бульварындагы арыктар тазаланды. 

Учурда "Зеленстрой" ишканасынын карамагында 86,6 чакырым узундуктагы арык бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0