Премьер аскер кызматкерлерин кол саат менен сыйлады

Жазылуу
Иш-чара Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүнүн 24 жылдыгына арналды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар аскер кызматкерлерин кол саат менен сыйлаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аскер адамдарын сыйлоо тууралуу токтом Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүнө карата чыгарылган.

Аскердик милдетин татыктуу аткарып, кол саат алгандардын арасында Башкы штабдын үч жоокери, Улуттук гвардиянын үч жоокери жана Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0