Азимжан Аскаровдун үйү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат

Жазылуу
Азимжан Аскаровду сот өлкөнүн түштүгүндө 2010-жылы болгон тополоңдо улуттар арасында от жаккандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыраткан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Сот аткаруучулар Азимжан Аскаровго тиешелүү болгон мүлктөрдү каттап баштады. Бул туурасында мамлекеттик мүлк боюнча фондунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин аталган фондуга Сот аткаруучулук кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн эркинен ажыратылган кишинин мүлктөрүн конфискациялоо маселеси боюнча кат келип түшкөн. Анда аталган райондук соттун чечиминин негизинде жана аткарууга жиберилген документтин негизинде мүлктүн мамлекетке өткөрүлүшү керектиги айтылган.

Маммүлк фондусу Базар-Коргондогу айылдагы үйдү мамлекеттин менчигине алуу боюнча буйрук чыгарды. Сот аткаруучулары Маммүлк фондусу менен биргеликте өткөн шаршемби күнү аталган жерге конфискацияланган мүлктөргө каттоо жүргүзүү үчүн келген. 

Кыргызстанда соттолгон Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаровду бошотуу талабын эми Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм коё баштады
Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырганы, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн 2011-жылы соттолгон.

2010-жылдын июнунда куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0