Кош бол, мектебим! Же Кыргызстанда бүтүрүү кечеси канча турат

© Sputnik / Исмаил МамытовМектептеги акыркы коңгуроо салтанаты. Архив
Мектептеги акыркы коңгуроо салтанаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп менен кош айтышып жатып, бүтүрүүчүлөр канча чыгым болушарын Sputnik Кыргызстан билип көрдү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты болду. 

Бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо кагылды - Sputnik Кыргызстан
Акыркы конгуроо... Көз жаш менен коштолгон кубаныч
Бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик экзамендер жана бүтүрүү кечелери күтүп турат: КРдин Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү салтанаттарын өткөрүүгө тыюу салгандан кийин аттестаттарды тапшыруу аземин 23-июнь күнү саат 10.00гө белгилешти.

Тыюу мектеп кызматкерлерине гана тиешелүү, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн демилгелүү ата-энелерине анын тиешеси жок. Демек, кааласа, майрам боло берет. 

11-класстын ар бир окуучусуна мектеп менен коштошуу канчага турарын Sputnik Кыргызстан редакциясы эсептеп көрүүнү чечти. 

Бишкектин мектеп бүтүрүүчүсүнүн апасы Азима Бектемирова аттестат алыш үчүн окуучулар 8 миң сом төлөшкөнүн айтат. Ата-энелер комитетинин өкүлдөрү бул каражат балдардын өзүлөрүнө жумшаларын айтышты:

  • видео жана сүрөткө тартууга;
  • экзамен учурунда тамактанууга;
  • экзаменге гүл (мугалимдер үчүн);
  • кеңсе товарлары;
  • аттестаттын наркы;
  • виньеткага;
  • ресторандагы тамактын баасы (бир кишиге).

"Бул, албетте, көп. Мисалы, Жалал-Абадда менин туугандарым 6 миң сомдон тапшырышат экен, бирок ошол да көптүк кылат… Кызым бүтүрүү кечесине классташтардын баары болсун, эсте каларлык бир нерсе калсын деп эле барганы жатат", — дейт Азима Бектемирова.

Сокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти. - Sputnik Кыргызстан
10 жылдык. Кулкунга куюулуп кетчү тамактын ордуна бөбөктөргө тартууланган тайлар
Аталган суммага мугалимдер менен мектеп директоруна бериле турган белектердин баасы кирбейт дейт ал. 

"Менимче, мугалимдер үчүн белекке ата-энелер акчасын аябайт. Кандай болсо да, ыраазычылык эмеспи, бирок азырынча муну эч ким сунуш кыла элек", — деп ой бөлүшөт Бектемирова.

Муну менен бирге ал адаттагыдай эле баланын сырткы келбетине да акча жумшаш керек болот дейт. Аз эле дегенде кыздарга 9 миң сомдой кетет:

  • бут кийим — 2 000;
  • көйнөк — 5 000;
  • боёнуп-жасанганга — 1 000;
  • чачын жасатканга — 1 000.

"Эркек балдарга аз кетет дейсизби? Алардын бир эле костюму, сапаттуусу дечи, он миңдин тегерегинде болот. Көйнөгүчү? Бут кийими эле канча?" — деп кошумчалайт.

Ошондо баш-аягы бир баланын мектеп менен коштошуусуна ата-энеси 17 миң сомго жакын акча коротот экен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0