Бишкекте бүтүрүүчүлөр ижарага алган лимузиндер айып короого токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы коңгуроо салтанатына карата шаардык милиция тарабынан атайын рейд жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан ижарага алынган төрт лимузин айып короого токтотулду. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милициясы билдирди. 

Унаадан белине чейин чыгып алган бүтүрүүчүлөр милицияны көзгө илбей ма - Sputnik Кыргызстан
Унаадан белине чейин чыгып алган бүтүрүүчүлөр милицияны көзгө илбей майрамдашты
Бүгүн, 27-майда шаардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп, милиция кызматкерлери рейд жүргүзүп жаткан чагы. 

Жеңиш аянтынын жанында текшерүүгө алынган лимузиндер мектеп окуучулары тарабынан ижарага алынганы аныкталган. Эки айдоосунун унаа айдоого уруксат берүүчү күбөлүгү жок болсо, калгандары салык төлөбөгөнү үчүн кармалган. 

Учурда айдоочуларга акчалай төлөмгө жыгылып, унаалар айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0