Транспорт министринин орун басары Эрнис Мамырканов орден менен сыйланды

© Фото / Эрнис МамыркановТранспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов. Архив
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка минер байланыш тармагындагы салымы үчүн сыйга татыган. Мамыркановго орденди Россиянын байланыш министри Николай Никифоров тапшырды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов байланыш тармагындагы жигердүү иши үчүн Аймактык шериктештик ордени менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Атамбаев кытай министрин "Данакер" ордени менен сыйлады
Орденди Россиянын байланыш жана массалык коммуникация министри Николой Никифоров тапшырды. 

Байланыш тармагындагы аймактык шериктештик 1991-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Болгария, Латвия, Литва жана Словения мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0