Кыргыз Википедиясындагы макалалардын саны 55 миңден ашты

© SputnikСтраница википедии на кыргызском языке. Архивное фото
Страница википедии на кыргызском языке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачык интернет-энциклопедиянын кыргыз тилдүү версиясында өткөн жылы макалалардын саны 25,5 миңге көбөйдү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргыз тилдүү Википедияда 26-майга карата 55 382 макала бар экени аталган энциклопедиянын сайтында айтылат.

Кыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чучукка тийген чулдур сөздөр — "достукка отунуч", "мен ойлойм", "күлкүмүштүү"
Википедия 2002-жылы негизделген.

Ресурстун өзүнүн маалыматы боюнча учурда андагы макалалардын саны 55 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын соңундагы көрсөткүчкө караганда эки миңге көп. Бирок 2015-жылдын башында 27,5 миң макала катталган, демек, былтыркы жылдын аралыгында макалалардын саны эки эсеге көбөйгөн. 

2010-жылдан бери аталган ресурс байма-бай толукталып келген. Алгач эки миң макала катталса, 2012-жылдын аягында алардын саны 21 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0