Youtube сайтындагы видеолор кыргыз субтитрлери менен көрсөтүлө баштады

© flickr.com / Esther VargasYuTube сайтынын логотиби. Архив
YuTube сайтынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жаңылык Google Translate котормосуна кыргыз тилинин киргенинен улам мүмкүн болду.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Youtube порталындагы видеороликтерди эми кыргыз субтитрлери менен көрүүгө мүмкүн болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргыз тилин Google Translate котормочуга киргизүү менен алек болгон чыгармачыл топтун жетекчиси Чоробек Сааданбеков билдирди.

Анын айтымында, субтитрлер үчүн өзүнчө программа же тиркеме талап кылынган. Сааданбеков мындай жетишкендик кыргыз тилинин аталган котормо системасына киргенинен улам ишке ашкан. Февралдын орто ченинен баштап Google Translate 13 жаңы тил менен толукталып, эми которула турган тилдердин саны 130кө жетти.

"Котормо үчүн Youtube порталынан тышкары Google корпорациясынын башка долбоорлору да кыргыз тилин пайдалана алат. Кыргыз субтитрлери менен TEDx форматындагы видеону көрүп, анын маанисин түшүнүүгө болот", — деди Сааданбеков.

Бишкек шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан боюнча виртуалдык тур жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү — Google Street View
Ал субтитрлер бир ай мурун пайда болгонун белгиледи. Порталдын тилин которуу үчүн видеонун "Настройки" деген жерине кирип, котормо үчүн кыргыз тилин тандап алуу керек.

Эскерте кетсек, кыргыз тили Google Translate сервисине 2016-жылдын башында Google компаниясынын кыргызстандык адиси тилек Мамутовдун демилгеси менен кирген. Долбоорго 700 адамдан турган команда тартылган.

Алгач 6 миң фраза кирген. Учурда маалымат банкында бир миллион фраза жана төрт миллион сөз кирген. Котормочу менен каалаган киши пайдалана алат. Бирок Google Translate расмий котормо үчүн эмес, күнүмдүк турмушта пайдаланылуучу сөздөрдү гана которууга жөндөмдүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0