Тогуз гектар жерди менчикке кармата берген аткаминерлерге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы полициясы жогорудагы фактынын кесепетинен мамлекетке 9 миллион 922 миң сом зыян келгендигин билдирди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Тогуз гектар жерди жеке ишкананын менчигине мыйзамсыз берип жиберген Өзгөн районунун администрациясынын жооптуу кызматтагы аткаминерлерине кылмыш иши козголду. Бул туурасында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан кабарлашты. 

"Өзгөн районунун администрациясынын жооптуу кызматтагы аткаминерлери тогуз гектар жерди "Жибек Жолу базары" ишканасынын менчигине мыйзамсыз берип жиберген. Анын кесепетинен мамлекетке 9 миллион 922 миң сом зыян келген", — деп билдирди.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 304-берененин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-берененин (кызматтык укуктарын ашыра колдонуп жиберүү) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0