ИИМ: унаанын айнегинен башын чыгарып кыйкырган окуучуларга чара көрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелеринде Бишкектеги Манас айылы, флагшток сыяктуу белгилүү жайлар милиция тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Акыркы коңгуроо күнү унаалардан башын чыгарып, ышкырып, кыйкырган окуучуларга чара көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саат учурунда билдирди. 

Анын айтымына караганда 27-май акыркы коңгуроо күнү республика боюнча милициянын 3 миң 822 кызматкери тартипти көзөмөлгө алат.

"Белгилүү болгондой айдоочулар үчүн бейбаштык беренеси кабыл алынган. Ага ылайык унаа айнегинен башын чыгарып ышкырып, кыйкырган окуучуларга чара көрүлөт", — деп билдирди Орозалиев.

Бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроону жол эрежелерин бузуу менен белгилешти
Ал ата-энелер менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн белгиледи. 

"Ата-энелер менен жыйналыш өткөрүп балдарына унааларын бербөөгө үндөдүк. Эгер андай фактылар катталса унаа айып короого токтотуларын эскерттик", — деди Орозалиев.

Кафелерде кече уюштурууга тыюу салынганын белгилеген Орозалиев, акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелеринде Бишкектеги Манас айылы, флагшток сыяктуу белгилүү жайлар милиция тарабынан катуу көзөмөлгө алынаарын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0