WhatsApp: Бишкекке кире бериш жерде арыктар тазаланбай, чөптөр өсүп кеткен

Жазылуу
Бишкек шаарынын тургуну калаанын кире беришиндеги абалга нааразычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкектин кире беришинде тазалык сакталбай, арыктар иретке келтирилбегендиги тууралуу окурман WhatsApp канал аркылуу билдирди. 

© Фото / Ли ГалинаБишкекке түштүк-чыгыштан кире бериштеги аймак
Въезд в Бишкек в северо-восточной части (улица Алма-Атинская) со стороны объездной дороги. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке түштүк-чыгыштан кире бериштеги аймак

Мисал катары окурман Бишкекке түштүк-чыгыштан кире бериштеги аймакты келтирет. 

"Бүтүндөй өлкөнүн борборуна кире бериштеги жагдай кантип ушундай болсун? Арыктарды тазалап, акыр-чикирлерди алып, гүл өстүрүп койсо болбойбу", — деп жазат окурман. 

Ал мурун шаарга кире бериш жерде гүлдөр өсүп турганын айтып, ал эми учурда бул жерди селсаяктар ээлегенин кошумчалады. 

Эгер сиз кайсы бир окуянын күбөсү болуп сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз, медиа файлдарды бизге +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0