Кобзондой бол! Бишкектин ардактуу атуулу болуунун 9 ыкмасы

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын ардактуу атуул медалы. Архив
Бишкек шаарынын ардактуу атуул медалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" жөнүндө жобого ылайык, Бишкектин ардактуу атуулу болуу оңой-олтоң иш эмес. Ал үчүн комиссиянын элегинен өтүп, кыл көпүрөдөн кыйшайбай басуу зарыл. Sputnik Кыргызстан агенттиги шаардын ардактуу жараны болгусу келгендерге тыкыр текшерүүдөн өткөн 9 ыкманы сунуштайт.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Иосиф Кобзон Бишкек шаарынын 145-ардактуу атуулу аталды. Бул макамдын капчык үчүн пайдасы деле жок. Бирок шаардагы мааракелерде төргө отургузуп, чоңураак устукан тиет. 

Шаардын ардактуу атуулу макамын алуу үчүн негизги талап — шаардын өнүгүүсүнө салым кошуу. Иосиф Кобзондун жасаган эмгеги зор, анын кайсынысы Бишкекке тиешелүү экенине баш катырып отурган жокпуз. Анткен менен ардактуу атуулдукка түптүз алып бара турган ырмаларды таап сунуштап турган чагыбыз. 

1 — ыкма 

Инженердик кесипке ээ болуп, ракета куруу жаатында көптөгөн жылдар бою эмгектенүү зарыл. Кийин премьер-министр болуп шайланып, колдон келсе КМШ өлкөлөрүнүн биринин президенти болуу керек. Мисалы, Украинанын. Андан соң Бишкек менен бир топ долбоорлорду иштеп чыгып, ардактуу атуул макамын алса болот. Колдон келбей дейсизби? Коюңузчу, Леонид Кучма жасабадыбы! 

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүУкраинанын экс-президенти Леонид Кучма
Экс-президент Украины Леонид Кучма - Sputnik Кыргызстан
Украинанын экс-президенти Леонид Кучма

2 — ыкма

Балдар хорунун солисти болуп, андан соң өсүү зарыл. Көптөгөн жыл атак-даңкка умтулуп, Бишкектин атынан топ түзөсүз. Константин Хабенский менен Жанна Фриске тартылган тасмага саундтрек жазасыз да, бир азга күтүп каласыз. Аңгыча сизге ардактуу атуул макамы ыйгарылат. Бул ыкманын иштей турганына Светлана Назаренко сизге кепилдик берет. 

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Город 312" тобунун ырчысы Ая каймана аты менен белгилүү Светлана Назаренко Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамын алганда
Светлана Назаренко стала почетным гражданином Бишкека - Sputnik Кыргызстан
"Город 312" тобунун ырчысы Ая каймана аты менен белгилүү Светлана Назаренко Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамын алганда

3 — ыкма

Ийгиликтин туу чокусуна жетүү үчүн талыкпай эмгек кылып, космоско учуу зарыл. Ишенбейсизби? Анда Салижан Шариповдон сурап көрүңүз. 

© AFP / TONY RANZEКосмонавт Салижан Шарипов
Космонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
Космонавт Салижан Шарипов

4 — ыкма

Башты сая иштөө жана тыкылдата жазуу керек. Жок, социалдык тармактар үчүн эмес, маңыздуу чыгармаларды жаратуу зарыл. Анан өлкөнүн баатыры наамын алып, сиздин чыгармаңыз боюнча Кончаловский тасма тартса гана максатыңызга жетесиз. Чыңгыз Айтматов ушинтип ардактуу атуул болгон. Балким сизге да ийгилик жылмаяр. 

© Sputnik / Лев Иванов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов
Писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов

5 — ыкма

Жөнөкөй сержант катары тарыхтагы эң кандуу делген согушта душмандын көптүгүнө карабастан фашисттердин 8 танкасын, 6 зооттолгон унаасын жана 40 автоматчан аскерин жок кылуу керек. Ооба, туура таптыңыз. Дайыр Асанов да ардактуу атуулдардын сап башында. 

6 — ыкма

Медициналык факультеттин алты курсун аяктап, өмүрүңүздү көптөгөн операцияларга арнайсыз. Дүйнөгө 19 ачылыш тартуулап, ондогон ордендерди тагынуу зарыл. Эгер сиз бардык талаптарды аткара алсаңыз, эч тартынбай макам талап кылыңыз. Эмне? Мирсаид Миррахимовго берип, сизди четте калтырмак беле. 

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүВрач-терапевт Мирсаид Миррахимов
Врач-терапевт, директор Научно-исследовательского института кардиологии при Министерстве здравоохранения КР, член-корреспондент Академии медицинских наук СССР Мирсаид Мирхамидович Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Врач-терапевт Мирсаид Миррахимов

7 — ыкма

Ок жаап жаткан кандуу кармашта басып келип атышууну токтотууну талап кылуу керек. Анткени сиз жараат алгандарды сакташыңыз керек да. Бул кадамы үчүн медайым Мадина Иминова ардактуу атуул болгон. 

8 — ыкма

Агартуучулук кесипти тандап, эмгек жолуңузду Кочкордон баштайсыз. Талыкпаган эмгектин арты менен республикалык гезиттин редактору, Кыргыз ССРнин борбордук комитетинин бөлүм башчысы, кийин шаардык комитеттин жетекчиси болосуз. Кыскасы, 42 жашка чыкканда Борбордук Комитеттин биринчи катчысы болууңуз керек. Мында Турдакун Усубалиев сизге үлгү боло алат. 

9 — ыкма

Кыргызстандын кыз-келиндери эмне жөнүндө сүйлөшөт: бийлик, сулуулук жана үй оокат
Москва шаарында төрөлүп, Бишкектеги ири имараттарды куруу үчүн Кыргызстанда иштөө керек. Андан кийин болгону Кыргызстан эл аралык университетинин, Улуттук банктын, Экономика министрлигинин имаратын курасыз. Бишкектин көпчүлү жашап жаткан 105-106-сериясындагы көп кабаттуу үйлөрдүн долбоорун түзөсүз. Евгений Писардын ыкмасы жеңил эмес, бирок кепилдиги менен. 

Анткен менен эгер сиз соттолуп, аныңыз жоюлбаса эч кандай мүмкүнчүлүгүңүз жок. Андыктан соттолгонуңузду жоюуңуз да, алга кадам таштаңыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0