Бишкектин саламаттык сактоо департаментине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Башкы прокуратура департамент рыноктогу бааларга мониторинг жүргүзбөстөн рентген аппаратын бир миллион сомго кымбат сатып алганын негиз келтирет.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта "APELEM" үлгүсүндөгү рентген аппаратын сатып алууда мыйзам бузуулар байкалганы айтылат. Текшерүү иштери ИИМдин 5-башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн. 

"Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаменти 2013-жылдын 27-декабрында рыноктогу бааларга мониторинг жүргүзбөстөн рентген аппаратын кымбат баада алган. Мындан тышкары тендер дагы өткөрүлгөн эмес", — деп айтылат маалыматта. 

Жабдуу 4 миллион 773 миң сомго сатып алынган. 

Дары-дармек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кургак учукка каршы 300 миң долларлык дарынын жараксыз болуп калышына ким күнөөлүү?
Алдын ала маалымат боюнча мыйзам бузуунун негизинде алынган аппарат мамлекеттик бюджетке бир миллион сом чыгым алып келген. 

Аталган фактынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан департаменттин кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалды кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (мамлекетти чыгымга учураткан келишимди түзүү) боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0