Иосиф Кобзонго "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОбращение президента РФ В.Путина с ежегодным посланием к Федеральному Собранию
Обращение президента РФ В.Путина с ежегодным посланием к Федеральному Собранию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иосиф Кобзон Бишкектин ардактуу атуулдары жазылган китепчеде №7 болуп тургандыктан төш белги тапшыруу чечими чыгарылган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. СССРдин эл артисти Иосиф Кобзондун 80 жылдык мааракесине карата "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Төш белгини Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького мэр Албек Ибраимов менен Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев тапшырды. 

"Артистке ыйгарылган төш белги анын 80 жылдык мааракесине карата жеткирип берилет. Жакынкы аралыкта Иосиф Кобзон бишкектиктер үчүн сөзсүз ырдап берет", — деп билдирди элчи Крутько. 

Белгилүү аткаруучу Иосиф Кобзон Бишкектин ардактуу атуулдары жазылган китепчеге №7 болуп жазылгандыктан төш белги тапшыруу чечими чыгарылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0