Бишкектин 97 мектебиндеги акыркы коңгуроодо 500 милиционер иштейт

Жазылуу
Жолдордо милиционерлерден турган кайгуул топтору иштемекчи.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Милициянын 500гө чукул кызматкерлери Бишкектин 97 мектебиндеги акыркы коңгуроодо жалпы тартипти сактап турушат. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде бүтүрүүчүлөргө Акыркы коңгуроодо коопсуздукту сактоону түшүндүрүп жатышат
Алар мектеп директорлору менен жолугушууларды өткөрүп, мугалимдерге коопсуздук эрежелерин сактоонун жалпы эрежелерин айтып беришти. Андан сырткары чукул болуп кетүүчү кырдаалдарга жол бербөө жана андай жагдайлар болуп кетсе, эмне кылуу керектигин үйрөнүштү. 

Акыркы коңгуроо учурунда билим берүүчү мекемелерде коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери нөөмөткө чыгат.

Авто жолдордо жана мектептердин тегерегинде, салтанат өткөн жерлерде коопсуздук чараларын көрүү үчүн Кайгуул милициясынын Башкармалыгынын кызматкерлери кезметте турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0