КР архивчилери россиялык кесиптештери менен тажрыйбасын жогорулатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАрхив кызматкери. Архив
Архив кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференцияда Кытайдан, Түркмөнстандан келген окумуштуу, профессорлор байыркы кыргыздар, архивдик материалдардын маанилүүлүгү боюнча докладдарын окушту.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда архивдик кызматтын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган "Илим менен маданияттын өнүгүшүндө архивдин ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Илимий иш-чарага 400дөн ашык киши катышып, алардын арасында Кытай менен Түркмөнстандан келген өкүлдөр болду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев аталган кызматтын Кыргызстандагы бардык тармак үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Өкмөт өлкөдөгү архив кызматынын өнүгүшүнө кызыкдар. 8-апрелде Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин келгенде мен Россиянын федералдык архив агенттигинин башчысы Андрей Артизов менен жолуктум. Анда архив кызматынын өкүлдөрүн окутуучу семинарларды биргеликте өткөрүүгө макулдаштык", — деди ал.

Кыргызстандагы архив агенттигинин башчысы Орунбай Ахмедов өлкөнүн тарыхын, маданиятын окуп, үйрөнүүдө архивдин эбегейсиз орду бар экенин баса белгиледи.

Бишкектин айтылбаган тарыхы: архивдик сүрөттөр жана архитекторлордун эскерүүсү
Ошондой эле Кытайдан, Түркмөнстандан келген окумуштуу, профессорлор байыркы кыргыздар, архивдик материалдардын маанилүүлүгү боюнча докладдарын окушту.

Андан сырткары, архивдик документтердин көргөзмөсү уюштурулган.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча атайын жыйнак чыгат.

Кыргызстандын архивдик агенттиги 1926-жылы 30-августта кызмат катары түзүлүп, өз ишин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0