Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Беш өрдөк: Жолдубаеванын "отставкасы", Канат Исаевди сыздаткан депутаттар

© Sputnik / Расул Усеналиев"Ачык Саясат" гезитинин 20-майда чыккан санындагы азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева жөнүндөгү макаласынын сүрөтү.
Ачык Саясат гезитинин 20-майда чыккан санындагы азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева жөнүндөгү макаласынын сүрөтү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

"Мандатынан ажырап калчу" Чолпон Султанбекова менен Тынчтыкбек Конушбаев

"Фабула" гезити 20-майда чыккан санында "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Чолпон Султанбекова менен Тынчтыкбек Конушбаевди фракция лидери Канат Исаев мандаттан ажырата турганын жазды.

"… Бабановду сыздатып кеткен Султанбекова Канатбек Исаевди да сызга отургузуп кетти. Башкача айтканда, Канат спикерликке ат салышып жатканда ага каршы иштеди. Муну кеч билип калган Канат учурда Султанбековага тиш кайрап, Темир Сариевди жактап азуусун көрсөткөн Тынчтыкбек Конушбаев экөөнү мандаттан ажыратууга аракет көрүүдө", — деп жазат аталган гезит.

Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова гезитке чыккан бул маалымат чындыкка коошпой турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Беш өрдөк: коалициядан "чыгам" деген Төрөбаев, КТРКнын "кучагынан" өткөн кыз-келиндер
"Биз депутат болуп келгенден бери эле "мына кетет экен", "эртең кетет экен" деп эле жазып келе жатат. Ошол гезит-журналдар мындай маалыматты ким айтканын да жазса болмок. Мындай жаңылыктарга көнүп деле калдык. Жазылган маалымат чындыкка коошпойт", — дейт эл өкүлү.

Ал эми Тынчтыкбек Конушбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде бул маалыматтардын калп экенин айтып, мындай кабарлар анын спикерликке болгон шайлоодо добушун Исаевге бербей коюшунан улам болуп жатышы мүмкүндүгүн айтты.

"Мен спикерди шайлап жатканда добушумду Канат Исаевге берген эмесмин. Ушунун негизинде алар божомолдоп, "демек Исаевди колдобой койду, ал эми муну кетирет" деп жатышса керек. Мага бул боюнча фракцияда күнөө коюлуп же кандайдыр бир башка сөздөр айтылган эмес. Менин кетүүмө эч кандай негиз да жок", — дейт ал.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды дейби?

"Ачык Саясат" гезити 20-майда чыккан санында азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетүү тууралуу арызын бергени тууралуу жазды.

"Башкы прокурор Индира Жолдубаева арызын жазыптыр деген сөз желдей тарады. Эми анын ордуна ким келет деген чоң суроо турат. Аталган кызматтын чоң жоокерчилигин мойнуна алып, ишти алып кете турган даяр кадр барбы? Кимдир-бирөөлөр Байтемир Ибраевди, Айбек Турганбаевди, Жылдыз Мамбеталиеваны айтышууда", — деп жазат аталган гезит.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул маалымат чындыкка жатпай турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматында иштеп жатат. Эч кандай арыз жазган жок", — дешти башкы көзөмөл органдын өкүлдөрү.

Президенттик шайлоодо Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов биригеби?

Беш өрдөк: президент болчу Ибраимова жана РАЖдан депутат болууну эңсеген Тербишалиев
"ПолитКлиника" гезити 19-май күнү чыккан санында алдыда боло турчу президенттик шайлоодо Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов биригиши мүмкүн экенин жазды.

"Ушул тушта Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен мурунку премьер-министр Темир Сариевдин биригиши ыктымал экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Азырынча эки саясатчы тең мындай маалыматты расмий тастыктай элек", — деп айтылат гезитте.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул маалымат божомолдонуп гана жазылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бул маалыматтар имиштин гана деңгээлиндеги сөз", — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылы өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0