Жалал-Абаддыктар акыркы коңгуроодогу шаан-шөкөттөргө тыюу салуу чечимин колдоду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАкыркы коңгуроо. Архив
Акыркы коңгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйналыштын алкагында ата-энелер бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик менен чогуу иш алып барууга макулдашышты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын коомчулугу мектептердеги акыркы коңгуроо күнүндөгү шаан-шөкөттөргө тыюу салуу чечимин кубаттады. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында болуп өткөн шаар бийлигинин өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдер жамаатынын жолгушуусунда белгилүү болду.

"Шаан-шөкөттөрдөн арылуу акыркы коңгуроо иш-чараларын тынч жана коопсуз өткөрүү максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Жыйналыштын алкагында ата-энелер бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик менен чогуу иш алып барууга макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0