Бишкекте Ботаникалык бакты кайра жашартууга багытталган фестиваль өтүп жатат

© пресс-служба НАН КРБишкекте Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багынын кайра жаралуусуна багытталган фестиваль
Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багынын кайра жаралуусуна багытталган фестиваль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль Ботаникалык бактын ичиндеги куураган бак-дарактарды алмаштырууга шаар тургундарын чакыруу максатында өткөрүлүүдө.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багынын кайра жаралуусуна багытталган фестиваль өтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Фестивалдын алкагында окумуштуулар короодогу жана үйдөгү өсүмдүктөрдү өстүрүү, дарылоо, көбөйтүү жана сугаруу жөнүндө маалымат беришти.

Бул иш чара Ботаникалык бактын ичиндеги куураган өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды алмаштырууга шаар тургундарын чакыруу максатында өткөрүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0