Каттоо кызматы: Түркияда кытай жарандарынан алынган паспорттор жасалма болуп чыкты

Жазылуу
Жасалма паспорттордун түп нускасын кыргызстандык жарандар өлкө ичинде колдонуп жүргөндүгү аныкталды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргыз паспорттору менен Түркияда кармалган кытай уйгурлардын документтери жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Белгилей кетсек, Кытайдын Үрүмчү шаарынан Стамбулга учуп келген 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган. Алар Стамбул аркылуу Сауд Аравияга учууга аракет кылышкан. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы кытай жарандарына кыргыз паспортторунун берилбегенин айткан

"Биз Түркия тараптан паспорттордун маалыматтарын жөнөтүүнү өтүнгөнбүз. Жооп келди. Көрсө бардыгы оригинал паспорттордун негизинде жасалган экен. Тагыраагы алар көтөргөн паспорттордун түп нускасын кыргызстандык жарандар өлкө ичинде колдонуп жүрүшөт", — деп белгиледи Эржигитов.

Ал билдиргендей бардык 98 паспорт Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 2007-2013-жылдары берилген.

Учурда укук коргоо органдары изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0