Таласта энелерге арналган бир айлык башталды

Жазылуу
Бул иш-чаралар Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Талас районунда 15-майдан 15-июнга чейин "Энелерди колдоо, балдарды коргоо — өлкөнүн келечектүү өнүгүүсү" деп аталган бир айлык жарыяланды. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бир ай аралыгында райондогу аз камсыз, жардамга муктаж энелердин тизмелери такталып, аларга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Алгачкы иш-чара Талас районунун Көк-Ой айылдык маданият үйүндө өтүп, ага райондогу аз камсыз, көп балалуу, уз жана Баатыр энелер чакырылды.

Бир айлыктын алкагындагы иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0