Кыйноолорго каршы борбордун айдоочусу экстремизмге шектелүүдө

Жазылуу
Шаардык милиция Бишкекте экстремизге шектелген жаранды кармап, анын үйүнөн тыюу салынган адабияттар табылды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыйноолорго каршы борбордун милиция кармаган айдоочусу буга чейин эч кандай шек жараткан эмес деп билдирди аталган мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда Хизб ут-Тахрир уюмунун беш мүчөсү кармалды
Буга чейин милиция аталган борбордун кызматкерин экстремизмге аралашканы боюнча шек жараткандыгы үчүн кармаган. Шаардык милициянын маалыматында, ал "Хизб ут-Тахрир" уюмуна жаштарды азгыруу аракеттерин жасап жүргөн. Анын үйүн тинтүү учурунда аталган уюмга тиешелүү тыюу салынган экстремисттик адабияттар табылган.

Сулайманов 37 жаштагы айдоочу бул борбордо 2013-жылдан бери иштерин айтты. Анын беш убак намаз окуп жүргөнүн, бирок, жүрүм-турумунан шек жараткан учурларды байкабагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0