Кыргыз максымы Чикагодо сатыла баштады

© REUTERS / Jerry LaiЧикаго шаарына көрүнүш. Архив
Чикаго шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда калкынын саны боюнча үчүнчү орунда турган Чикаго шаарында кадимки эле кыргыз жармасы сатылат. Ал иштин демилгечиси — котормочу кесибинин ээси, биздин мекендешибиз Жуман Кеңеш аттуу жигит. Sputnik Кыргызстан алыскы Америкада кыргыз жармасынын кантип жасалганына кызыгып, Жуманды кепке тартты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык жогорку окуу жайдын англис тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн Жуман Кеңешти тагдыр 2011-жылы Грин кард системасы аркылуу океандын ары жагына алып кеткен. 

© Арген КеңешКыргызстанда эл аралык жогорку окуу жайдын англис тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн Жуман Кеңеш
Кыргызстанец Жуман Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эл аралык жогорку окуу жайдын англис тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн Жуман Кеңеш

АКШдагы такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда зуулдата такси айдаган кыргыз кызы — Кайыргүл
Биздин каарман бала кезинен ичип жүрүп чоңойгон жарманы жасоо туурасында мындан беш жыл мурда, Чикагонун абасынан дем алып баштаганда эле ойлоптур. Ал учурларда Чикагодо иштеген эки кыргыз кафесинен жарманы улам сурай бергенин эстеди.

Ошентип Жуман кыялында жүргөн оюн ишке ашырууга киришкен. Жакынкы мезгилдерден тарта Чикагодогу кыргыздар, ал тургай славян тектүү жарандар кадимки кыргыз жармасын иче баштаптыр.

Жер басып, Кыргызстандан жеткирилген ачыткы

Жарманы учурда Жумандын энеси жасайт. Ал эми талканды өз колу менен тегирменден тартарын айтып берди.

"Жарманы учурда энем жасап жатат. Талканды өзүбүз тартабыз. Чакан тегирменибиз бар. Арпаны интернеттен издеп отуруп таптым. Көп эле түрү бар экен. Мен тамакка жарамдуу, кошулмасыз, табигый түрүн тандап сатып алдым", — деди биздин каарман.

Ал эми кадимки эле ачыткыны алыскы Америкага Кыргызстандан Жумандын апасы ала барыптыр. 

© Арген КеңешКыргызстандык Жуман Кеңеш апасы менен Чикагодо
Кыргызстанец Жуман Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Жуман Кеңеш апасы менен Чикагодо

Чикагодогу кыргызстандыктар арасында Жумандын жармасына суроо-талап күч. Кээде мекендештерибиз үй-бүлөсү менен келип ичкен учурлар болот экен.

"Суроо-талап жакшы эле. "Байке, чыдабай баратам!" деп үйүмө чейин келип 2-3 галлонду (1 галлон — 4 литрге чукул) бир эле алып кеткен учурлар болот. Өткөндө бир досумдун "кызым экөөбүз сенин жармаңды абдан жакшы көрөбүз, сүйлөшүп отуруп эле бир галлонду кантип түгөтүп койгонубузду байкабай калабыз" дегенин уктум", — деди Жуман биздин суроолорго жооп берип жатып.

Максымды биздин каарман кафелерге таңкы саат 4:00тө туруп таратып коет. Ал эми кафеден алысыраак же сураган мекендештерге келинчеги өзүнүн машинасы менен жеткирип турат экен.

Украиналыктар менен түрктөр тамшанганда

Чикагодогу КМШнын башка өлкөлөрүнөн келгендер ич ара тааныш-билиш болуп калышкан. Жумандын максымын достору аркылуу даамын татып калгандар телефонун сурап, ак эткенден так этип тамшаныптыр. Ал эми дагы бир түрк тууган "рынокко чыгар" деп безилдеп туруп алганын биздин мекендеш айтып берди.

Красная площадь, Москва - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргызстандыктар эми максымды сагынбайт
"Кыргыз кафелердин биринде иштеген бир түрк боордошубуз өткөндө ичип көрүп,"Байке, муну рынокко чыгарбайсызбы? Мен жактыргандан кийин түрктөрдүн бардыгына жагат" – деди. Трак (жүк ташуучу автоунаа) айдагандар 4-5 галлонду бир эле алып кетип жатышат. Башка штаттардан да келип алып кеткендер болду. Кафеде түгөнүп калса, ишенишпей, ашчыларга, официанттарга силер катып алдыңар дегендер болду. Чикагодо быйыл күн суук. Суукта ушинтип жатышат, а күн ысыганда кантебиз, билбейм… ", — дейт ал.

Шоро байке… жана Жуман

Анткен менен биздин мекендешибиз, бул азырынча кичинекей бизнес экендигин, бирок келечекте кыргыз даамын океан артында башкаларга таттырган ийгиликтүү ири компания болоруна тилек артып турат.

"Албетте, азырынча өтө кичинекей бизнес. Анткен менен Coca-Cola сыяктуу дөө-шаалар менен теңтайлаша ала турган компанияга айланып кетиши толук мүмкүн. Америка — мүмкүнчүлүктөрдүн мекени деген сөзгө 100 пайыз ишенем", — деди жакшы тилегин жашырбаган Жуман.

Табылды Эгембердиев: көп пландар бар ошого жетпей калам го деп шашып жашап атам
Урматтуу окурман, эгерде Чикагого сапар тартып калсаңыз, ал жактан башкасын болбосо да максым таап иче турганыңызга ишене берсеңиз болот. Бир галлон максым – 12 доллар, ошондо бир литри үч доллар, бул кыргыз акчасына которгондо 205 сомдун тегереги. Ал эми ырахаттана отуруп алып, кафелерде ичем десеңиз, стаканы эки доллар, биздин акчага которгондо 136 сомго чукул.

Ошентип биздин Шоро байке – Табылды Эгембердиевдин кийинки муундары чыгып, кыргыздын улуттук суусундугу азырынча Америкадагы мекендештерибиздин суусунун кандырып турган чак.

Кыргыздын улуттук суусундуктары жарма жана бозонун касиеттерин жана жасоо ыкмаларын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0