Ош шаарындагы таксист роза гүлүн жубайы үчүн уурдаганын ачыктады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоза гүлү. Архив
Роза гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык нормалардын бузулушу боюнча административдик комиссия гүл уурдаган таксисттин жүрүм-турумун карады.

ОШ, 19-май — Sputnik. Роза гүлүн уурдаган Ош шаарынын таксисти ЖМК алдында жасаганын моюндап, административдик айып төлөй турган болду.

Ош шаардык мэриясында экологиялык нормалардын бузулушун кароо боюнча жыйын өттү.

Комиссия шаарга отургузулган розаларды түндө уурдаган 24 жаштагы таксистти да чакырган.

"Мен түндө таксист болуп иштейм. Жумуштан үйгө кайтып келе жатып Масалиев көчөсүнөн жакшы гүлдү көрүп калдым. Бир роза гүлүн аялым үчүн үзүп алгам. Бул жасаганым үчүн өкүнөм", — деди ал.

Жыйын соңунда эреже бузган жаран ЖМКларга жасаганын моюндап айтып берүүгө жана 300 сом административдик айып төлөөгө милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0