Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшГаз плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулары тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. 

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышка карата Токтогул суу сактагычына 1 млрд. куб метрден көп суу топтоо каралууда
Маалыматка ылайык, газ 19-20-май күндөрү 7-кичи районунда, 23-24-майда Профсоюз, Мессароша, Лумумба, Дэн Сяопин көчөлөрү боюнча, 24-25-май күндөрү Фере, Элебесов, Ак Шоокум, Ак тилек көчөлөрүндө, 24-27-май күндөрү Фучик, Профсоюз, Кара-Кум, Клубный көчөлөрү боюнча жайгашкан үйлөргө газ убактылуу берилбейт. 

Ишкана көгүлтүр отту берүү газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулуп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0