Пулуң болсо кулуңмун: кадыры кеткен кыргыз паспорту

© Sputnik / Табылды КадырбековПаспортко салынган акча. Архив
Паспортко салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнүккөн технологиялар менен мамлекеттин коопсуздугу канчалык корголбосун, кылмышкерлер айласын таап, мыйзамды айланып өтүп келишет. Адамдан амал качып кутулбастыгын далилдеп, айлакерлик менен кыргыз паспортун алгандар тууралуу төмөнкү макаладан окуңуздар.

Үрүмчү шаарынан Стамбулга келген 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен Сауд Аравияга кетүүгө аракет кылганда кармалды. Бул жаңылык депутаттар арасында кызуу талкууга жем таштап, кийинки аптада парламентке аталган маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди, УКМК өкүлдөрүн чакырып, кабыргасынан коюлган маселе каралмай болду. 

Кыргызстанда жасалма же башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан мыйзамсыз өткөндөр дээрлик күн сайын катталат. Кай бири аэропорттон кармалса, экинчиси чек ара өткөрүү пунктунан колго түшөт. Коопсуздук чаралары канчалык күчөтүлбөсүн, мыйзам бузуулар катталып келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги коомчулукка белгилүү болуп, чоң чыр жараткан учурларды тизмектеп көрдү.

Как призвать к порядку сотрудников ЦОНа при приеме документов? - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматы Кытай уйгурлары колдонгон кыргыз паспорттор боюнча териштирүү баштады
1. Ички иштер министри Мелис Турганбаев 2015-жылдын 21-апрель күнү Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин отурумунда мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 30 миңге жетиши мүмкүндүгүн билдирген. Мындан сырткары, ал кездеги ИИМдин орун басары Кылычбек Сатыбалдиев 227 учур иликтөөгө алынганын айтып чыккан. Ага ылайык, 58 соттолгон, 8 жоголгон адам жаңы паспорт алганы ачыкталган. Мындан сырткары, 11 адам 4-5 жолудан паспорт алганы белгилүү болгон. Ал ортодо Франциянын КРдеги элчиси Стефан Катта эл аралык абал туруктуу болбой, террористтик жана экстремисттик көйгөйлөр жаралып жатканда Европа өлкөлөрү мындай арыздарга өтө тынчсызданып жатканын ачыктаган. 

2. Казакстандык оппозиционер, мурунку энергетика министри, качкында жүргөн олигарх Мухтар Аблязовго кыргыз паспорту берилген деген чыр 2013-жылы чыккан. Анда Нурдин Осмонов аттуу жаранга таандык паспортко Аблязовдун сүрөтү чапталган документ 2012-жылдын 27 декабрында мыйзамсыз берилгени аныкталган. Бул чыр коомчулукта дүрбөлөң жаратып, Мамлекеттик кызматкерлердин иштен алынуусу менен аяктаган. Көп өтпөй Аблязов социалдык баракчасына кыргыз паспортун албаганын айтып, муну Казакстандын бийлиги жасап жаткан саясий куугунтук деп атаган. Аблязов мамлекеттик казынага 5 миллиард доллар зыян келтирген деп айыпталып келет. 2013-жылдын август айында Аблязов Франция полициясы тарабынан кармалып, жанында Борбордук Африка республикасынын паспорту табылган. 

Паспорт жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: адам өлтүрүүгө шектелген кылмышкерге мыйзамдуу түрдө паспорт берилген
3. Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозиционери, качкында жүргөн Умарали Куватовго да кыргыз паспорту берилгендиги тууралуу маалымат коомчулукта ар кыл пикирлерди жараткан. Куватов 2014-жылы февралда Стамбулга Кыргызстандын паспорту менен кирген. Окуяга чейин бир канча убакыт Кыргызстанда жашаганы да айтылган.

4. 2012-жылы уюшкан кылмыштуу топтун лидери, грузиялык кылмыштагы ууру Илья Самсония кыргыз паспорту менен "Манас" аэропортунда кармалып, Биринчи май райондук соту тарабынан соттолгон. Ал күчөтүлгөн тартипте Ново-Павловкадагы колонияда жазасын өтөп, өткөн жылдын декабрь айында эркиндикке чыккан. Укук коргоо органдары кылмышкер акчанын жардамы менен паспорт алганын айтышкан.

5. Социалдык фонддун Талас облустук кызматкерлери тарабынан 70ке чукул жаранга экинчи ирет идентификациялык номерлер мыйзамсыз бергени аныкталган. 2012-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз экинчи ирет идентификациялык номер алгандар аттарын жана өзү тууралуу маалыматтарын өзгөртүп, жаңы паспортторду алууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0