Жийдеш Идирисова: "Евровидениени" кыргыз жеринде төрөлгөн кыз утканына кубандым

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Евровидение-2016" сынагында калыстык кылган белгилүү ырчы Жийдеш Идирисова. Архив
Евровидение-2016 сынагында калыстык кылган белгилүү ырчы Жийдеш Идирисова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Евровидение — 2016" сынагынан калыстар тобуна кирген ырчы Жийдеш Идирисова эл аралык конкурста калыстык кылуудагы сезимдерин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Евровидение-2016" сынагында калыстык кылган белгилүү ырчы Жийдеш Идирисова конкурсту Кыргызстанда төрөлгөн Жамала утуп чыкканына кубанганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Ырчы эл аралык сынакка калыстык кылууга Türkvizyon сынагынын жеңүүчүсү катары тандалган. Ал өзү сынак жүрүшүндө мыкты деп эсептеген 10 ырды тандап, уюштуруучуларга жиберген. 

Идирисова конкурстан алдын ала жыйынтык күтүү туура эмес экенин айтты. 

"Чечим ар кандай болушу мүмкүн. Андыктан Жамала же башка катышуучу утат деген бир ой жок болчу. Бирок Жамаланын жеңгенине абдан кубандым", — деди ырчы. 

Ал өзү тандаган ондукка Жамала менен Сергей Лазерев кирбегенин кошумчалады. 

"Мен тандаган ондукта Жамала менен Сергей Лазарев жок болчу. Калыстыктан тайгым келген жок. Ошол үчүн Россия бизге жакын деп тарткан жокмун. Мен тандагандардын арасында Австралиянын атынан катышкан Дэми Им, Нидерландынын намысын коргогон Дауэ Бобанын ырлары жаккан болчу. Ушулар жеңишке жетсе керек деп үмүт кылгам", — деди Идирисова. 

Эскерте кетсек, "Евровидение — 2016" сынагын Кыргызстанда төрөлгөн Жамала утуп алган. Ал эми экинчи орунду австралиялык Дэми Им алса, үчүнчү болуп Сергей Лазеров аталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0