Алай менен Кара-Кулжада сел жүрүп, жер көчкү коркунучу жаралды

© пресс-служба МЧС КРАлай районундагы сел. Архив
Алай районундагы сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ учурда Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаажолунун 104-чакырымында жолдун сол тарабынан аска таштары кулап кетүү коркунучу тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Алай районунун Корул айыл аймагында түнкү саат экилер чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Тогуз-Булак айылындагы Сай участкасында көпүрөнү алып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

"Мындан сырткары Орон-Жылга участкасында көпүрөнүн таянычтарын алып кетүү коркунучу жаралган. Ал эми Ленин айыл аймагынын Мурдаш айылында Тоголок-Дөбө участкасында буга чейин жылган жер көчкүнүн үстүнөн кайрадан жаракалар пайда болгон", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда жүргөн сел эки күндө 130дан ашык койду агызып кетти
Мындан сырткары, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 40-120-чакырымдарында жолго таш кулаган. ӨКМ учурда жолдун сол тарабынан аска таштары кулап кетүү коркунучу бардыгын билдирди. 

Ал эми Кара-Кулжа районунда 18-майдагы жамгырдын кесепетинен Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун бир нече аймактарына сел агындылары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Учурда ӨКМдин тиешелүү бөлүктөрү жолду тазалап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0