Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн түшүндүрмө китеби чыкты

© пресс-служба фонда "Ыйман""Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү" китепчеси
Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү китепчеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте кыргыз тилинде кездешкен диний сөздөрдгө түшүндүрмө берилген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында "Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү" китепченин бет ачары өтөт. Бул тууралуу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди.

Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дааватчылар билимин жогорулатып сертификаттарга ээ болушту
Ага ылайык, китепти Чубак ажы Жалилов жана Улуттук илимдер академиясында иштеген Кубатбек Кошмоков жазышкан.

Бул китеп Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргызстан мусулман дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн демилгесинин негизинде "Ыйман" фонду тарабынан басылып чыккан.

Аталган фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков замандын агымына, дүйнөдө болуп жаткан жараяндарга, кубулуштарга жараша тил да өнүгүп-өсүп, жаңыланып, байып турарын айтат.

"Акыркы 10 жыл аралыгында динге жакындагандардын көбөйгөнү коомдо руханий өңүттөгү өзгөрүүлөрдү шарттап жатат. Ошондой эле диний темада сүйлөгөндөрдүн айрымдары нукура кыргыз тилинин ченемдерин, мыйзамдарын анчейин сактай бербегени чындык. Адабий тилде так сүйлөбөгөнүн айтпаганда да, башка тилден кирген сөздөрдүн маани-маңызын толук ачыктабай колдоно берүү өнөкөт болуп бараткансыйт" — дейт ал.

Ошону эске алуу менен диний сөздөрдү жатык тилде кыска-нуска түшүндүрүү ниетинде аталган китеп басылып чыкканын кошумчалады.

Кадырбеков светтик же диний деп бөлүнбөстөн дин аалымдары менен илимпоздордун биргелешип иштей баштаганы – абдан жакшы саамалык экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0