Итибаевдин жесири №50 түрмөдөгү күйөөсүнө кандайча акча бергенин айтып берди

Жазылуу
Алтынбек Итибаев аялына телефон чалып, акча алып келүүнү сураган. Ал күйөөсүнө керектүү көлөмдөгү акчаны берген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Алтынбек Итибаевдин жесири Лариса Кудашова күйөөсүнө эки жолу №50 түрмөнүн контролёрунан акча бергенин сот отурумунда айтты.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда №50 түрмөдөн качкандардын иши каралууда.

"Бир жолу беш миң сом бердим. Кийинкисинде 400 доллар бергем. Акчаларды суу майлыкка ороп бергем. Күйөөмө акча эмнеге керек болгонун билбейм", — деди аял.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: №-50 түрмөнүн жетекчиси Итибаевдин жанынан телефон табылганын жашырып койгон
Белгилей кетсек, 2015-жылы 11-октябрдан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып, аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон.

Атайы операция учурунда качкындын бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. Издөө иш-аракеттеринен улам, Бишкектин чет-жакасынан эки кылмышкер жок кылынган. Көп өтпөй дагы бири кармалып, түрмөгө кайтарылган. Эркиндикте калган акыркы кылмышкер Алтынбек Итибаев "Достук" кичирайонунда экени маалым болгондон кийин ИИМ жетекчиси башында турган атайын операция жүрүп, натыйжада ал атып өлтүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0