Оштун Кара-Суу районунда жаңы мечит колдонууга берилди

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМечит мунарасы. Архив
Мечит мунарасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы колдонууга берилген мечит 150 орундуу болуп, анын жер тилкесин айыл тургуну өз менчигинен бөлүп берген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда 150 орундуу "Айша" аттуу мечит колдонууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дааватчылар билимин жогорулатып сертификаттарга ээ болушту
Мечиттин ачылыш салтанатына Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанатта облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жалпы элди жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктап, мечит айыл элин ынтымак менен биримдикке, адеп-ахлакка чакырган уюткулуу жай болуусуна тилектеш экенин айтты. 

Андан соң жаңы мечитте намаз окулуп, келген конокторго сый-тамак тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0