Баткен: кенже класстын окуучуларына чай ордуна суу беришкен

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАшкана идиштери. Архив
Ашкана идиштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Паскы-Арык айылында электр энергиясынын бир нече күндөн бери жоктугунан улам, мектепте төрт кенже класстын окуучуларына сууну мешке кайнатып алып берип жатышат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Буга чейин интернет айдыңына Баткен районундагы Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына ысык чай ордуна булочка менен муздак суу берилгени тууралуу маалымат чыгып кеткен. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги окуянын чоо-жайына кызыгып көрдү. 

Аталган мектептин директору Сапар Нарбеков айыл бир нече күндөн бери электр энергиясыз отургандыктан, балдарга чийки эмес кайнатылган суу берилгенин айтып, бул айласыздан болуп жаткан кадам экендигин айтты. 

"Мындан бир нече күндөн бери электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Балдарга ысык чай берүүдө кыйынчылыктар жаралгандыктан, балдарга кайнатылган суу берүүгө аргасыз болуп жатабыз", — деди Нарбеков.

Директордун маалыматында, учурда мектепте 1-4 класстын окуучуларына – ысык тамак долбоорунун алкагында ысык чай жана булочка же коржик берилип турат.

Ал эми мектептин ашпозчусу Сапия Айдарова жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү. 

"Терек жыгылып, бир нече күндөн бери свет жок. Жанагы интернетке чыккан күнү балдарга кайнатылган, шекер кошулган суу бергенбиз. Балдар суусадык дешти, булочканы кургак жей алышпайт да. Киного тарткан кыздын өзүнө да көрсөткөнмүн, кайнак суу экенин. Айла жок болду да", — деди Айдарова.

Светтин жоктугунан 168 балага кирпичтен салынган мешке сууну кайнатып алып берип жатабыз деп кошумчалады ал. Имарат тар болгондуктан, ашканага ар бир класс өзүнчө кирип чай ичип чыгат. 

"Чайды демдеп, идишке сактаганда туруп калган чай карарып кетет экен, аны балдарга бергиң келбейт. Райондук санитардык эпидемиологиялык кызматтан да мындай ыкма зыяндуу экендигин айтышкан", — деди ашпозчу.

Ал электр энергиясы келген учурдан тарта чайды улам демдеп, ысык чай бере тургандыктарын айтты. 

Айдарова жергиликтүү эл, анын ичинен мектеп администрациясы ичүүсү сууну сегиз чакырым алыс жерден ташып келе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0