Атактуу ырчы Кайрат Нуртастын Москвадагы концертин кыргыз жигиттери алып барат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара июнь айында, Москва шаарындагы "Известя Холл" концерттик залында болот.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Казакстандык ырчы Кайрат Нуртастын Москва шаарында өтүүчү жеке концертин "No name" тамашоу командасынын оюнчулары Мурат Жалиев менен Кадыр Жарматов алып барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине концерттин уюштуруучусу Барат Сарбаков билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кайраттын кечтери" аттуу концерт июнь айында, Москва шаарындагы "Известия Холл" концерттик залында болот. Анда кыргыз, казак ырчылары конок болуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0