Нурлан Мотуев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мотуев терроризмге чакырууга шектелип жатат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Коомдук ишмер Нурлан Мотуев кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Наушниктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер "Элдик парламентчилер" тууралуу: жел кайдан согуп жатканын аныктоо зарыл
Маалыматка ылайык, ал элди ачык түрдө терроризмге үгүттөгөнү үчүн бүгүн кармалган. Учурда Мотуев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Буга чейин айрым ЖМКлар Мотуев "Элдик парламенттин" жыйынында шариаттын мыйзамын киргизип, "Ислам мамлекетиндегилер" сыяктуу жашоого чакырганын жазып чыгышкан. 

Белгилей кетсек, буга чейин 12-майда УКМКнын кызматкерлери мамлекеттик "бийликти күч менен тартып алууга даярдык көргөн" жана "бийлик адамына карата зомбулук кылууга даярданган" деген шек менен "Элдик парламенттин" өкүлдөрү делген Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0