Коргоо министринин мурунку орун басарынын иши сотко өттү

Жазылуу
Атка минерлер жеке ишканага аскер продукциясын сатууга уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз берген деп айыпталууда.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Коргоо министринин мурунку биринчи орун басарынын мыйзамсыз лицензия берүү боюнча иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, жоюлган Коргоо министрлигинин (азыркы Коргоо боюнча мамлекеттик комитет) жетекчилеринин бири (З.С) мурунку Энергетика министрлигинин (азыркы Улуттук энергетикалык холдинг) бөлүм башчысы (Э.О.) менен жең ичинен сүйлөшүп, Түркиянын жаранына таандык "ДНС С.С" ишканасына мыйзамсыз лицензия беришкен. 

Коргоо министрлигинин аскеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги менен "Аскер-Курулушка" карата алтынчы кылмыш иши козголду
Лицензия "Аскердик кызмат менен продукцияны сатуу менен алектенүүгө" уруксат берет.

Тергөөнүн натыйжасында аталган атка минерлерге карата Аскер прокуратурасы тарабынан өткөн жылдын 22-декабрында кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 307 (лицензия жана уруксат берүүдө кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда иш Бишкек гарнизондук сотуна өттү.

2011-жылдан 2015-жылдын ноябрь айына чейин коргоо министринин биринчи орун басары болуп Замирбек Сүйөркулов иштеген. 

Аталган эки министрлик ноябрда жаңы өкмөттүн структурасына ылайык жоюлуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0